БИЛИМ, АРАКЕТ ЖАНА УБАКЫТТЫ БАШКАРУУ


2020-жылдын 11-декабрында Студенттик Кеңештин ‘Котормочу жана котормочулар’ клубунун ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр долбоорунун алкагында Билим, аракет жана убакытты туура пайдалануу боюнча биринчи семинар, онлайн режимде Google Meet аркылуу өткөрүлдү. Иш-чаранын коногу университетибиздин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн бири, Пирамида каналынын диктору жана Euromaxx программасынын алып баруучусу Нуржигит Мырзабеков болду. “Котормочу жана котормочулар” клубунун негиздөөчүсү Нуржигит Мырзабеков студенттик мезгилде маданий иш-чараларга активдүү катышкан, ар дайым изденүүнү жакшы көргөн, ийгиликтүү студент катары белгилүү болгон. Студенттик күндөрүндөгү кызыктуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, ал студенттерди убакытты туура пайдаланууга үндөп, үйрөнө турган жаш жок экендигин жана адамдар ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүшү керектигин айтты. Жалпысынан 80 студенттин катышуусунда өткөн семинардын аягында студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди.



Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон: Сайтбурхан кызы Гүлкайыр