ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУКТУН НЕГИЗДЕРИ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛООНУН ТҮРЛӨРҮ


20-декабрь 2020-жылы Студенттик Кеңештинтин "Жаш маркетологдор" клубу тарабынан уюштурулган "Финансылык сабаттуулуктун негиздери жана инвестициялоонун түрлөрү" жана "Кыргызстандагы бизнес мүмкүнчүлүктөр жана шарттар" аттуу семинар болуп өттү. Иш-чаранын коноктору Борбордук банктын төрагасынын мурдагы орун басары, КР Каржы министринин мурдагы орун басары жана университетибиздин окутуучусу Сүйөркул Абдыбалы Тегин жана Аскар Салымбеков Фондунун президенти Аманделди Жумадилов болушту. Семинар онлайн режиминде Google Meet аркылуу өткөрүлүп, семинардын жүрүшүндө Сүйөркул Абдыбалы туура финансылык башкаруу жөнүндө маалымат берди. Ал финансылык сабаттуулуктун негиздерине токтолсо, Амангелди Жумадилов Кыргызстан эмне үчүн ири жана таасирдүү ишкерлерге муктаж экендигин айтты. Ал Кыргызстандагы бизнес мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди. Семинар 2 саатка созулуп, аягында студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди.

 



Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон:Сайтбурхан кызы Гүлкайыр