ЖАНДУУ МУЗЫКА КЕЧЕСИ


2020-жылдын 15-декабрында студенттик кеңештин “ Музыка” клубу тарабынан “Жандуу музыка кечеси” программасы уюштурулду. Программа инстарам тиркемеси аркылуу жандуу көрсөтүлдү. Кеченин коногу Көркөм өнөр факультетинин Музыка бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Диана Салиева болду.
Программада университетибизде билим алган студенттер жана башка катышуучулар комуз, гитара, пианинодо ойноп, ыр ырдап өнөрлөрүн көрсөтүштү. Иш-чаранын аягында көрүүчүлөрдүн саны 500гө жетип, “Музыка” клубуна мүчө болууну каалаган студенттердин да катары көбөйдү.

 



Даярдаган:Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон: Луиза Мелис кызы