ТҮРК ТАРЫХЫН ОКУУ


     17-декабрь 2020-жылы Студенттик Кеңештин төрагалыгынын алдында "Борбор Азия тарыхы" клубу тарабынан "Түрк тарыхын таштардан окуу" боюнча семинар болуп өттү. Семинар онлайн режиминде Google Meet аркылуу өткөрүлүп, Кыргызстан-Түрк "Манас" университетинин ректору проф Dr. Алпаслан Жейлан конок катары катышты. Андан сырткары проректорлор, академиктер жана студенттер катышты. Семинардын ачылышында сөз сүйлөгөн университетибиздин проректору проф. Dr. Анварбек Мокеев "Борбордук Азиянын тарыхы" клубу эки жылдан бери абдан жигердүү иштеп, сапаттуу иш-чараларды уюштуруп келе жаткандыгын билдирди. Университетибиздин ректору, проф. Dr. Алпаслан Жейлан: “Билесиңерби, бул жыл Даанышман Тонюкуктун жылы деп жарыяланган. Ошондуктан, мен сиздерге Монголиядагы таштар жана саякаттоо жөнүндө презентация берем. Жакынкы жылдары студент жаш досторубуз менен ушул сыяктуу илимий сапарларды жасайбыз деп ишенем " деди. Андан кийин биздин ректор таштардын маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларга өз презентациясын бөлүштү. Семинардын аягында академиктерибизден жана студенттерден ректорубузга суроолор берилип, жооптор берилди.

     Соңунда "Тарых"бөлүмүнүн башчысы Проф. Dr. Жээнбек Алымбаев, ректор проф. Dr. Алпаслан Жейланга жана катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон:Сайтбурхан кызы Гүлкайыр