БАЙГЕ ФОНДУ 20 МИҢ СОМДУ ТҮЗГӨН ФИНАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ


"Ойлон шоу" интеллектуалдык клубу финалдык оюнун өткөрдү. Интеллектуалдык оюн "Борбор шаарлар" темасында болуп, 3 этаптан турду. Таймаш 17-декабрь күнү  Социалдык курулуштар имаратында өтүп, жалпысынан 7 команда катышты. Оюнга конок катары Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев дагы чакырылган.


Бул жолку оюнда мурдагыдай жаңыдан катталуу жок болуп, буга чейинки оюндарда жогорку балл топтогон командалар гана катышышты. 

3 баскычтан турган оюндун жыйынтыгында кубокту "Ойчулдар" тайпасы жеңип алды. Ал эми 2-орунга " Вау", 3-орунга "Тарнадо" командалары ээ болушту. Ошондой эле "Мыкты спикер" наамына Жакыпов Суйунаалы татыды.


Мындан сырткары залда отурган көрүүчүлөргө дагы кошумча суроолор берилип, белектер тапшырылды.
Финалдык оюндун жалпы байге фонду 20 миң сомду түзүп, чакан фуршет дагы уюштурулду.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы