ТАЖИКСТАН ӨЛКӨСҮНҮН КРДЕГИ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШҮУ ӨТТҮ


23-ноябрда Экономика жана башкаруу факультетинин Касым Тыныстанов жыйындар залында Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан уюштурулуп, салтка айланган өлкө элчилери менен таанышуу, маектешүү программасы өз ишин баштады.

2019-2020-окуу жылындагы маектешүүнүн алгачкы коногу Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода болду. Программага университетибизде билим алган Тажикстандык 169 студент катышты.

Иш-чаранын расмий ачылышында Тажикстан мамлекетинин гимни ырдалып, элчи Сухроб Олимзодага сөз берилди. Элчи студенттер менен жолугушууга шарт түзүп бергендиги үчүн университетке ыраазычылыгын билдирип өттү. Ошондой эле студенттер менен маектешип, алардын кызыккан суроолоруна дагы жооп берди.

Программа элчи менен биргеликте сүрөткө түшүү жана элчилик тарабынан даярдалып келген даамдардын студенттерге берилүүсү менен аяктады.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза