«Таштандыны кайра иштетүү дүйнөдө жана Кыргызстанда» аттуу семинар болуп өттү


Мекенди сүйүүгө жана экологияны сактоого багытталган «AGRO PROGRESS» клубунун «Таштандыны кайра иштетүү дүйнөдө жана Кыргызстанда» аттуу семинары 7-мартта Айыл-чарба факультетинин 203-анфи залында болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө клубдун мүчөсү Элдияр Жаныбеков: “Биз таза экологиябыз бар деп  мактанганыбыз менен аны  сактоого аракет жасабай келебиз. Рыноктук экономикада  келген товарларда полиэтилен кабыктардын жана пластикалык буюмдардын көп болгону. Эң коркунучтуусу алардын полигондордо өрттөлүүсү, бат топтолуусу жана  сорттолбой жатканында”-деди. Ошондой эле макулатура  жана  пластик алган жерлер бар экенин, бирок аны жеткируудөн качып жатабыз деген оюн кошумчалады.

Андан соң Инженерия факультетинин 4-курсунун студенттери окуу жайдын ичине коюлган таштанды кутучаларында пластиги жок, таза жана эң көп кагаз толтурган факультеттердин атын жарыялашты.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы