“Инженерлер” командасы 9-сезондун чемпиону аталды


3-май  күнү  “Ойлоншоу” интелектуалдык клубунун 9-сезонунун финалдык туру уюштурулду. Оюн “Музыка” темасынын алкагында өткөрүлүп,  жалпы 6  команда катышты.

Мелдеш эки тур менен өткөрүлүп, алгачкы турда команда башчылары таймашса, экинчи турда командалык оюн орун алды. Катышуучулар кыргыз музыкасынын тарыхынан тартып, дүйнөлүк

Жыйынтыгында 3-орунду “Асиптот” командасы ээлесе, 2-орунга “Smarts” тайпасы татыктуу болду. Ал эми “Инженерлер” командасы   9-сезондун чемпиону аталды. Жеңүүчүлөргө “Авемлис” ишке орноштуруучу компаниясы тарабынан театрга билеттер, “Шанс” китеп дүкөнүнөн китептер жана грамоталар тапшырылды.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы