Бүтүрүүчүлөрдүн 6-кышкы экскурсиясы өттү


Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” тарабынан  “Зил” лыжа базасында    бүтүрүүчүлөрдүн 6-кышкы экскурсиясы уюштурулду.  Экскурсияга окуу жайдын ректору, окутуучулар, 100дөн ашык  бүтүрүүчүлөр, Эл аралык студенттер координаторлугу жана Студенттик Кеңештин мүчөлөрү катышты.

Университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы “Бүгүнкү  экскурсиябыз
бүтүрүүчүлөр менен окутуучулар жамаатынын   жана учурда билим алып жаткан студенттерибиздин ортосунда ынтымакты бекемдөөгө, достукту арттырууга чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө”,-деп билдирди.

Ал эми туризм жана мейманкана иштетүү  бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Элдар Шабданов
буларга токтолду: “Окуу жайды бүтүргөнүмө билинбей 7 жыл болуптур.  Бирок,
бул аралыкта университет менен болгон мамилемди үзгөн жокмун. Дайыма мындай иш-
чараларга келгенге аракет кылып турам. Ар бир студентке  университет менен
карым-катнашты үзбөй, студенттик күндөрүңөргө кайтып барып тургула демекчимин”.

Белгилей кетсек, мындай экскурсиялар жылына эки ирет кыш жана жай мезгилдеринде  уюштурулуп турат.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова