Даярдоо курсунун төрагалары кимдер?


Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында университетибизде 2017-2018- окуу жылы үчүн даярдоо курсунун төрагасы жана анын орун басары шайланды.


Даярдоо курсунун башчылыгына жалпы 10 студент талапкерлигин койду. Ар бир талапкер өзүлөрүн таанытып, бир жыл ичинде аткарылчу пландары менен бөлүштү. Ошондой эле жаңы долбоорлорун сунушташты.


Шайлоодо добуш берүү жабык түрүндө өткөрүлдү. Жыйынтыгында 2017-2018-окуу жылынын даярдоо курсунун төрагасы Райымжан Мадаминов жана орун басары болуп Огузхан Сарыкая шайланды.

Эскерте кетсек, 2016-2017-окуу жылындагы даярдоо курсунун төрагасы жана орун басары болуп Бекболот Кубатбек уулу менен Юсуф Мерт Эр иш алып барган.

Даярдаган: Гүлүмкан Алдашева