Коммуникация факультетинин студенттери менен маектешүү кечеси


8-декабрь күнү университетибиздин ректору проф. док. Себахаттин Балжы жана проректору проф. док. Асылбек Кулмурзаев коммуникация факультетинин мугалимдер жамааты жана студенттери менен   маектешүү кечесин өткөрдү.

  

Алгач ректор Коммуникация факультетинин көйгөйлөрүнө токтолуп, студенттердин суроолоруна жооп берди. Ал эми проректор Асылбек Кулмырзаев “Манас” радиосунун өзүнүн аудиториясын табуу керектигин айтып, башка радиолордон айырмаланган өзгөчөлүк киргизүүгө чакырды.

Мындан тышкары Коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн студенттери тарабынан  лаборатория ачуу демилгеси көтөрүлүп, жалпынын колдоосуна алынды. 

Эскерте кетсек, өткөн жумада  Экономика жана Башкаруу факультетинин студенттеринин жолугушуусу өткөрүлгөн.  

Жолугушууда студенттер тарабынан төмөнкүдөй суроолор берилди.

1. Коом менен байланыш жана реклама бөлүмү үчүн атайын лаборатория ачылабы? 

Себахаттин Балжы: Эгерде студенттер лабораториянын ачылуусун кааласа сөзсүз түрдө ачылат. Буюрса бул жылы иш-планга киргизип силер каалаган лабораторияны ачабыз.

2. Практиканы бир гана Түркияда эмес башка Европа өлкөлөрүндө да өтүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы? 

Себахаттин Балжы: Биз Россия сыяктуу бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Бирок алар бекер эмес, өзүлөрү белгилеген сумманы төлөшүбүз керек болуп калат. Силер Түркиянын эң мыкты  телеканал, радиолорунда практика өтүп жатасыңар жана алардын баары бекер. Бизге бул абдан ыңгайлуу, бирок башка өлкөлөрдө дагы практика өтүүнү кааласаңар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.

3. Бир күнүңүз кандай өтөт? Канча саат уктайсыз?

Себахаттин Балжы: Мен күнүнө беш саат гана  уктайм. Калган убактымдын көпчүлүгүн жумушка арнайм. Таң эрте электрондук почтама келген каттарды текшерем, менде бир күндө жок дегенде 2-3 жыйналышым, 10 адам менен жолугушуум болот. Жумуштан кийин китеп окуйм жана чуркайм. 

4. Кайсы жазуучунун чыгармаларын окуйсуз?

Себахаттин Балжы: Ар бир жазуучунун чыгармаларында өзүнчө өзгөчөлүк бар. Мен 12 жашымдан бери Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуйм. Эң алгач анын “Жер эне” чыгармасын окугам. Мындан тышкары түрк, англис адабиятын окуйм. 

5. Проректор агайыбыз чөгүп баратса кантип куткарасыз?

Себахаттин Балжы: (Күлүп) Проректор агайыбыз сүзгөндү билет. Чөгүп баратса баардык күчүм менен куткарып калам.

Даярдаган: Адинай Курманова