Тилмечтердин таймашында биринчилик кимге буюрду?


29-ноябрда Гуманитардык факультеттин Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери  үчүн “Тилмечтер таймашы” клубу тарабынан “Тил улуттун күзгүсү” аталышындагы интеллектуалдык  оюн өткөрүлдү

Таймаш Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттеринин арасында достукту чыңдоо жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган. Оюнда жалпы 12 команда күч сынашып, катышуучулар кыргыз, түрк, англис, орус тилдерине байланышкан, тил жаатындагы суроолорго жооп беришти. 

Жыйынтыгында командалардын ичинен алдыга озуп чыгып, 1-орунду “Базар жок” командасы ээлесе, аз гана упай менен артта калган “Трилингв” 2-орунга жана “Тилмеч team ” командасы 3-орунга татыктуу болуп ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Эске сала кетсек, “Тилмечтер таймашы” интеллектуалдык клубу аталган бөлүмдүн  3-курсунун студенти Айчүрөк Нурланованын  демилгеси менен 2015-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Клуб өткөн жылы “Котормо жана котормонун тарыхы, котормочулук кесиби”, “Манас эпосу жана котормо”, “Экономика жана саясат”, “Кино искусствосу” жана “География” аталышындагы оюндарды өткөргөн. 

Даярдаган: Адинай Курманова