“Манастын периси – 2016” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды


Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин Студенттик кеңеши тарабынан жыл сайын уюштурулуп келе жаткан “Манас периси – 2016” аттуу сулуулар сынагы болуп өттү. 

 Бул конкурста 13 бийкеч  “ϴзүн таанытуу”, “Дефиле”, “Логикалык суроолор” жана “ϴзгөчө өнөр” баскычтары боюнча күч сынашты.

Иш-чараны окуу жайыбыздын проректору, профессор Анварбек Мокеев ачып берди. Конкурстун мыктыларын Урмат Борченов, Минюра Рахимжанова, Айкөл Аликжанова, Максат Токтоналиев жана Адилет Адинисовдор аныкташты. Алар 3-орунду Аделина Касымовага, 2-орунду Жаркынай Кылычбековага, ал эми 1-орунду Элнура Абдыкасымовага ыйгарышты. Биринчиликти женип алган Элнура Касымовага “Манастын периси – 2015” наамынын ээси Айгерим Талгарбекова таажыны тапшырды. Мындан сырткары конкурсанттардын баары ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланды.